LOADING...

О городе

Кара-Суу шаары (мурдагы аты Дөлөнчөк). Ош дубанындагы Кара-Суу районунун борбору.

Шаар калкы 20 900 адам. Негизги калкы кыргыздар жана өзбектер, андан сырткары татар, орус, уйгур, тажик ж.б. улуттардын өкүлдөрү жашашат. Шаарда К. Жакыпов атындагы интернат-лицей, жана Манас, Ленин, Бабур атындагы кыргыз, орус, өзбек тилиндеги мектептер, бир музыкалык мектеп иштейт. Ж. Бөкөмбаев атындагы парк, Ала-Тоо кинотеатры эс алуучу шаардыктарды тейлейт. Шаардын чыгыш тарабында белгилүү Кара-Суу базары жайгашкан. Батышында райондук оорукана жайгашкан. Кара-Суу темир жол бекети да ушул шаарда.

Кыргызстандагы белгилүү ырчы, саясатчы Ибрагим Жунусов жана ыйык Куранды өзбекчеге которгон Алауддин Мансур ушул шаарда туулуп өсүшкөн.