LOADING...

Новости

Мэр Ленин жана Завод көчөлөрүнүн тургундары менен жолукту

13  2024

Бүгүн, 12-март күнү кечинде Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов шаардын В. Ленин жана Завод көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүүлөр алар жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын жаңылоо жана үйлөрдү жеткиликтүү деңгээлде жылуулук менен камсыздоо маселесин айтышты.

Бул көйгөйлөрдүн орчундуу экенин белгилеген калаа башчысы, шаардыктардын айткандары аткарыларын билдирди.

 

"Шаар тургундарынын айткандарында калет жок. Айрыкча, Кара-Суу шаарында канализация маселеси курч. Ал боюнча өзүнчө чоң долбоор өз нугунда жүрүүдө.

 

Ал эми сиздер айткан маселелерге келсек, сиздер жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн үстүн жаңыдан чатырлайбыз. Балдарыңыздарга ойноо үчүн шарттар түзүлөт. Ошондой эле, үйлөрүңөр жылуулук системасына уланып, жылуулукту нормадагыдай берүүгө аракет кылабыз.

 

Үйлөрдүн фасады боюнча: үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн оңдоп, актоо-сырдоо иштери жүрөт. Мындан сырткары, быйылкы жылы тамтыгы чыккан көп   көчөлөргө асфальт төшөлөт. Аны менен катар эле газдын түтүктөрүн актап, сырдоо иштери жүрөт", - деди  М. Тентимишов.

 

<<