LOADING...

Кызматтык бош орундар

Кара-Суу шаар мэриясы бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. 01.04.2021-жыл

4  2021

Жетектөөчү адис– салык маселелери боюнча (1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодкеси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Көндүмдөрү:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- командада иштөө

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгө документтер керектелет:

  • жеке арызы
  • резюме
  • өмүр баян
  • кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  • фото сүрөтү 2 даана
  • паспортунун же инсандыгын күбөлөөчү башка документинин көчүрмөсү
  • зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, алар нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүп ырасталышы керек)
  • cоттолбогондугу тууралуу аныктама

Документтерди кабыл алуу: жарыя cайтка чыккан күндөн баштап, 2-жуманын ичинде Кара-Суу шаары Кушбаков көчөсү №2, Кара-Суу шаар мэриясында кабыл алынат.

Маалымат үчүн тел.: 03232 5-18-97, 5-14-30.

Конкурстун өтө турган күнү жана жайы жөнүндө квалификациялык талаптарга жооп берген жарандарга кошумча билдиребиз.

<<