LOADING...

Кызматтык бош орундар

Кара-Суу шаар мэриясы бош орундарына сынак жарыялайт. 16.02.2021-жыл

16  2021

Башкы адис - Жер, турак жай курулуш, комуналдык чарба маселелери жана муниципалдык менчик боюнча

(1 штаттык бирдик):

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, Юриспруденция, Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Техникалык, Айыл чарба  багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Айыл чарба багытындагы жер тилкелерин сатуу-сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

 

онкурска катышуу үчүн төмөндөгө документтер керектелет:

  • жеке арызы
  • резюме
  • өмүр баян
  • кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  • фото сүрөтү 2 даана
  • паспортунун же инсандыгын күбөлөөчү башка документинин көчүрмөсү
  • зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, алар нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүп ырасталышы керек)
  • cоттолбогондугу тууралуу аныктама

Документтерди кабыл алуу: жарыя cайтка чыккан күндөн баштап, 2-жуманын ичинде Кара-Суу шаары Кушбаков көчөсү №2, Кара-Суу шаар мэриясында кабыл алынат.

Маалымат үчүн тел.: 03232 5-18-97, 5-14-30.

Конкурстун өтө турган күнү жана жайы жөнүндө квалификациялык талаптарга жооп берген жарандарга кошумча билдиребиз.

<<