LOADING...

Кызматтык бош орундар

Кара-Суу шаар мэриясы бош орундарына сынак жарыялайт. 18.11.2020-жыл

18  2020

Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу шаар мэриясы

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2 бош административдик муниципалдык кызмат орунун элөөгө

 

Ачык  конкурс жарыялайт:

 

Башкы адис (Салык маселеси боюнча)

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Жетектөөчү адис-мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин эсепчиси

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик - Финансылык экономикалык багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  • “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

Көндүмдөрү:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

 

 

 

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

  • жеке арызы
  • резюме
  • өмүр баян
  • кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы
  • фотосүрөтү 2 даана
  • паспортунун же инсандыгын күбөлөөчү башка документинин көчүрмөсү
  • зарыл кесиптик билими, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, алар нотариалдык түрдө же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүп ырасталышы керек)

 

Документтерди кабыл алуу: жарыя гезитке чыккан күндөн баштап, 2-жуманын ичинде кабыл алынат.

Кара-Суу шаары Кушбаков көчөсү №2, Кара-Суу шаар мэриясы кабыл алынат.

Маалымат үчүн тел.: 03232 5-18-97, 5-18-38.

Конкурстун өтө турган күнү жана жайы жөнүндө квалификациялык талаптарга жооп берген жарандарга кошумча билдиребиз.

 

<<