LOADING...

Постановления

 

 

 

2021-жылдын 12-августунда сайтка жарыяланды

 

 

 

 

 

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/1                            Кара-Суу шаары

 

 

Кара-Суу шаарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча шаар мэринин отчету жөнүндө

 

 Кара-Суу шаарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Кара-Суу шаар мэриясынын аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Суу шаарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Кара-Суу шаар мэриясынын аткарган иштери “Канааттандырарлык” деп табылсын.

       2. Бул  токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

 

 

 

 

 

 

 

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/2                           Кара-Суу шаары

 

Кара-Суу шаарында айрым курулуш, оңдоп түзөө иштерин текшерүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө

 

Кара - Суу шаарында 2019-жылы  Нариман көчөсүнө асфальт төшөө,  Терешкова, Умаров, Панфилов көчөлөрүнө латок коюу иштери тендерден өткөрүлүп, аягына толук чыкпай калгандыгынын себебин жана  2021-жылы Нариман, Улуков, Бейшеналиева көчөлөрүнө асфальт төшөөгө, көрктөндүрүүгө, түнкү жарыктандырууга каржыланган акча каражатын жана аткарылган иштердин көлөмүн, сапатын текшерүү сунушун карап  жана  талкуулап  шаардык  кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара - Суу шаарында 2019-жылы Нариман көчөсүнө асфальт төшөө, Терешкова, Умаров, Панфилов көчөлөрүнө латок коюу иштери тендерден өткөрүлүп, аягына толук чыкпай калгандыгынын себебин жана  2021-жылы Нариман, Улуков, Бейшеналиева көчөлөрүнө асфальт төшөөгө, көрктөндүрүүгө, түнкү жарыктандырууга каржыланган акча каражатын жана аткарылган иштердин көлөмүн, сапатын текшерүү үчүн төмөнкү курамда бекитилсин:

1.

А.Назаров -

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;

Мүчөлөрү:

2.

Ш.Турсуналиев -

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;

3.

М.Турдиев -

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;

4.

Р.Таиров -

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;

5.

К.Шакеева -

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;

6.

С.Кокоев -

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты

7.

Ж.Полотов -

Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин директору

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

 

 

 

 

  

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/3                           Кара-Суу шаары

 

Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандарын Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүү жөнүндө

 

Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандарын Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүү сунушун карап  жана  талкуулап  шаардык  кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандары Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүлсүн.

 

  1. Шаар мэриясы от казандарды баланска өткөрүп алуу боюнча мыйзам чегинде иштерди алып барсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

                                    

 

 

 

  

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/4                           Кара-Суу шаары

 

Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү, көчөнүн санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө

 

Кара-Суу шаарындагы Ленинкөчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү, көчөнүн санитардык абалын жакшыртуу максатында жеке же юридикалык жактарга аукцион аркылуу ижарага берүү  сунушун карап  жана  талкуулап  шаардык  кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү, көчөнүн санитардык абалын жакшыртуу максатында автомобиль жолдорунун өндүрүштүк-тилкелик башкармалыгы менен келишимдин негизинде, мыйзам чегинде жеке же юридикалык жактарга аукцион аркылуу ижарага берилсин.

 

  1. Шаар мэриясы аукцион аркылуу ижарага берүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгып, тийиштүү тараптар менен биргеликте иштер алынып барылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

 

 

 

 

 

  

 

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/5                           Кара-Суу шаары

 

Кара-Суу шаарындагы мектепке чейинки мекелеринде тарбияланган балдардын ата-энелеринин жыйынынын чечиминин бекитип берүү жөнүндө

 

Кара-Суу шаарындагы мектепке чейинки мекелерде тарбияланган балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден алынуучу сумманы 60 сомго жогорулатуу боюнча ата-энелер жыйынынын чечиминин бекитип берүү сунушун карап  жана  талкуулап  шаардык  кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Суу шаарындагы мектепке чейинки мекелерде тарбияланган балдардын тамак ашы \ч\н ата-энелерден алынуучу сумманы 60 сомго жогорулатуу боюнча ата-энелер жыйынынын чечими бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө  шаардык кеңештин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

 

 

   

 КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/6                            Кара-Суу шаары

 

Кыргыз  Республикасынын  Эсептөө  палатасынын  Ош  шаары, Ош,  Жалал – Абад  жана  Баткен  областары  боюнча  аймактык  бөлүнүшүнүн  жазма  буйруктары  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу шаар мэриясынын, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин, “Кара-Суу Ак-Мээнет” ачык акционердик коомунун, “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча  түзүлгөн отчеттор жана жазма буйруктарынын карап   жана   талкуулап   Кара-Суу  шаардык   кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу шаар мэриясынын, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин, “Кара-Суу Ак-Мээнет” ачык акционердик коомунун, “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттор жана жазма буйруктарында  көрсөтүлгөн  финансылык  тартип  бузууларды жоюу жана финансылык тартип  бузууларга жол койгон   кызматкерлерге  чара  көрүү жагы Кара-Суу шаар мэриясына  тапшырылсын. 
  2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

 

 

 

 

 

 

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/7                            Кара-Суу шаары

 

 

““Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

Кара-Суу райондук балдар спорт мектебинин сунушунун негизинде Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, шаардагы “Манас” стадионунун директору Турдиев Маруфжан Розиевичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап  шаардык кеңеш

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, шаардагы “Манас” стадионунун директору Турдиев Маруфжан Розиевичке  “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

  1. “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов

 

 

 

 

 

 

КАРА - СУУ    ШААРДЫК    КЕҢЕШИНИН   (ЖЕТИНЧИ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ  XIV  СЕССИЯСЫНЫН

Т О К Т О МУ

 

2-август   2021 – жыл                   № 14/8                            Кара-Суу шаары

 

 

““Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

“КСДП патиясынын шаардагы фракциясынын сунушунун негизинде Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, шаардагы “Ал Хидая” мечитинин имамы Юсупов Зияидин Джалоловичке  “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап  шаардык кеңеш

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, шаардагы “Ал Хидая” мечитинин имамы Юсупов Зияидин Джалоловичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

  1. “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Р.Х.Хатамов